Жарыя


«ЭМГЕК УКУКТАРЫН КОРГОО ЖАНА КЕҢЕЙТҮҮ: ЧАКЫРЫКТАР, ТЕНДЕНЦИЯЛАР, ПЕРСПЕКТИВАЛАР» ЭЛ АРАЛЫК ЖОЛУГУШУУСУНУН ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы, 4-ноябрь 2016-жыл

СССР урагандан кийинки жылдар аралыгында Борбор Азиядагы эмгек мамилелеринин системасы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жаңы жаралган беш өлкө мыйзамда бекитилген совет доорунун социалдык коргоо принциптери менен стандарттарын сакташкан. Мындан тышкары, эл аралык таанууга умтулган беш өлкө жумушчулардын жамааттык сүйлөшүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү укуктары бекитилген ЭЭУнун негизги конвенцияларын шашылыш ратификациялашкан. ЭЭУнун бардык сегиз негизги конвенциялары беш өлкө тарабынан ратификацияланган. Бул конвенциялар жумушчуларды жумуш ордунда кодулоодон, мажбурлоо эмгегинен коргоого, балдарга эмгектенүү эмес, билим алуу укуктарын кепилдөөгө, ошондой эле жумушчулардын кесиптик бирикмелерге биригүү жана алардын эмгек жана жашоо шарттарына байланышкан маселелер боюнча жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү  жургүзүү укуктарын камсыздоого багытталган.

Бирок аталган укуктар менен кепилдиктер кагаз жүзүндө гана калып, аларды ишке ашыруу иш жүзүндө Өзбекстан менен Түркмөнстанда таптакыр мүмкүн эмес, ал эми Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанда жарым-жартылай гана мүмкүн бойдон калууда. Казакстандык Жанаозен мунайчыларынын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугун ишке ашыруу аракети ок атуу жана массалык репрессиялар менен катаал түрдө токтотулган. Бул окуялар жумушчуларга каршы массалык репрессияларды эмгек мамилелеринин тажрыйбасына кошуу менен жаңы реалдуулукту жаратты. Бүгүн мурунку СССР аймагындагы бардык өлкөлөр жумушчулардын жамааттык аракеттерин болтурбоо үчүн аларга басымды күчөтүп, социалдык стандарттарды жокко чыгаруу жолуна түшүп алышты. Бул бүткүл аймак боюнча социалдык чыңалуунун күчөшүнө, күч аркылуу чечилүүгө алып келе турган курч социалдык жаңжалдар тобокелдигинин өсүшүнө алып келет. Борбор Азиядагы мындай тенденциялар өз кезегинде социалдык стандарттардын жана жумушчулардын укуктарын коргоонун жалпы деңгээлине доо кетирип, Чыгыш Европадагы кошуна өлкөлөрдөгү абалга таасирин берип жатат.

Жолугушуунун катышуучулары Борбор Азиядагы эмгек укуктарын коргоо жана ишке ашыруу көйгөйлөрү боюнча укук коргоо топторунун жана көз карандысыз кесиптик бирикмелердин аракеттерин координациялоону өнүктүрүү керек деп эсептешет. Биз 3-5-ноябрдагы Бишкектеги жолугушууну координациянын башталыш чекити катары карайбыз жана биргеликте эмгек укуктарын коргоого жана аларды бардык жерлерде кеңейтүүгө даяр экендигибизди билдиребиз.

Биз улуттук жана эл аралык кесиптик бирикмелердин биримдиктерин, бейөкмөт уюмдарды, эксперттик жамааттарды, ошондой эле жарандык активисттерди Борбор Азиядагы эмгек укуктарын жана адам укуктарын коргоо боюнча аракеттерди жана демилгелерди биргеликте колдоо үчүн уюмдардын кеңири коалициясын түзүүгө чакырабыз. Биз өз ишмердүүлүгу үчүн куугунттукка кабылган жарандык жана кесиптик бирикмелердин активисттерин бошотууга жана толук реабилитациялоого; көз карандысыз кесиптик бирикмелердин жана укук коргоо топторунун тоскоолсуз ишмердүүлүгүн камсыздоого; фундаменталдуу эркиндиктерди чектөөчү жана Эл аралык Эмгек Уюмунун Конвенцияларына каршы келүүчү «социалдык кастыкты козутуу» жөнүндөгү жана башка жоболорду мыйзамдардан жана укук колдонуу тажрыйбасынан чыгарып салууга жетишүү үчүн аракет көрөбүз.

Биз Борбор Азиядагы эмгек укуктары боюнча кесиптик бирикмелердин эл аралык мониторинг миссиясын түзүп жатканыбызды билдиребиз. Анын максаттарына биригүү укуктарын бузуу тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды жалпылоо, кодулоодон жана эксплуатациянын эң начар формаларынан коргоо, аймактагы жалпы социалдык-экономикалык прогресске, тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү максатында жалпы тенденцияларды анализдөө жана бул тармактагы укуктук кырдаалды жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо кирет.