13.05.2023 / Кыргызстан

Быйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган

Быйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган
Өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу кеткендердин саны 13 пайызга же 61 миңге көбөйгөн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында 173 миң кыргызстандык Россияга иштегени барган. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Телеграм каналы Федералдык коопсуздук кызматына таянуу менен жазды.

Өлкөдөн кеткен мигранттардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 13 пайызга же 61 миңге көбөйгөн.



Жалпысынан биринчи кварталда Россияга 1,3 миллион эмгек мигранты барган, көрсөткүч былтыркыга караганда 1,6 эсеге көп. Анын басымдуу бөлүгүн Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары түзөт, Кыргызстан үчүнчү орунда. Андан кийинки сапта Армения менен Казакстан турат.

Sputnik.kg