08.10.2019 / Кыргызстан

Алты өмүрдү алган шахтадагы кырсыктар

Алты өмүрдү алган шахтадагы кырсыктар
Кызыл-Кыядагы жана Сүлүктүдөгү шахталардагы кырсыктардан дем алыш күндөрү алты адам өлдү.

Күн сууктап, көмүр сезону башталганы шахталарга түшүп каражат табам деген жергиликтүү тургундардын аракети күчөйт. Бирок, жыл сайын шахталарда киши өмүрүн алган окуялар катталып жүрөт.

Өткөн дем алыш күндөрү Баткендеги эки шахтада иске ууланган кырсыктар катталып, алты киши өмүр менен кош айтышты.

Сүлүктү шаарынын аймагында расмий жумуш алып барган “Абдрахманов” көмүр шахтасында иштеп жүргөн үч адам 5-октябрда иске ууланып, ошол жерде көз жумду. Дагы эки киши ооруканага түшкөн.

Ал эми 6-октябрь күнү, Кадамжай районунунда мурда жабылган шахтаны өз алдынча ачып алып, иштеп жаткандардын арасынан дагы үч киши газга ууланып каза болду. Сүлүктүдөгү уруксат алып мыйзамдуу иштеген шахтада коопсуздук чаралары жеткиликтүү болгон эмес деген маалымат айтылды.

Баткен көмүр кендеринин бири.

Баткен көмүр кендеринин бири.


Бул жерге жакынкы 10 күн аралыгында коопсуздук чараларын текшерүү үчүн атайын адистер бармай болуп, алдын ала билдирүү да жөнөтүлгөн. Сүлүктү шаарынын тургундары, үч бир тууган шахтада иштеп жатып, жер астына шаймандарды текшерүү үчүн түшкөн учурда иске ууланып калган. Алар ошол жерде жан берген.

"Кокустук үчүн ким жооптуу атайын текшерүү жүрүп жатат, каза болгондордун үй-бүлөсүнө кенемте төлөө маселеси да каралып жатат", - дейт шаардын вице-мэри Баабек Ташов:

- Шахта жетекчилиги менен сүйлөшүп маселени талкууладык. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө жардамдарды берип баштадык. Аларды колдоого алабыз. Бул шахта мыйзамдуу иштеп жаткан. Эми коопсуздук эрежеси сакталбай калгандан улам ушундай кокустук болуп кетти. Бул боюнча тийиштүү маселе каралып жатат. Комиссия иштейт дагы бул багытта.

Облус аймагында жыл сайын эле мыйзамсыз иштеген шахталарда кырсыктар катталып, алдын алуу чараларын жүргүзүү чоң талкууну жаратып келет. Шахталардагы коопсуздук чаралары, аларды көзөмөлдөп кемчиликтерди жоюу милдети Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлгөн. Бирок жергиликтүү бийлик бул жаатта координациялык милдетин жетиштүү аткара албай жаткандай. Күз келгени атайын облус жетекчисинин буйругу чыгып, “түрдүү кырсыктар катталышына жол бербегиле” деп жер-жерлерге тапшырма берилген. Облус башчысынын орун басары Кеңеш Салихов:

Кышка даярдык көрүү, мыйзамсыз шахталарды текшерүү боюнча облус башчысынын буйругу чыккан. Аны аткаруу боюнча райондорго, шаарларга тапшырмалар берилген. Эми өз алдынча жашынып, мыйзамсыз шахталарга түшүп жаткандарды токтотуу кыйын болуп жатат. Тийиштүү чаралар көрүлгөнү менен тилекке каршы ушундай болуп калып жатат, - деди.

Өкмөттөн, облустан мыйзамсыз шахталарды жабуу, коопсуздук чараларын көрүү үчүн атайын тапшырмалар, буйруктар жергиликтүү бийликке жүктөлөт. Аны аткарууда жергиликтүү бийлик да алсыздык кылып жаткандай. Жабылган шахталарды дайыма көзөмөлдөп турууга мүмүкүнчүлүктөрү жетпейт.

Баткендеги көмүр кендеринин бири.

Баткендеги көмүр кендеринин бири.

"Кээде эл оозунда “апачи” деп аталып калган мыйзамсыз көмүр казгандар каршылык көрсөткөн учурлары да боло калат", - дейт Кадамжай район акиминин орун басары Абдыманап Жакбаров.

Биз бул аймактагы мурда жабылган шахталарды текшерип, ал жерде иштеп жаткандарга ишти токтотуу боюнча эскертүүлөрдү бергенбиз. “Апачилердин” ишин токтотуу аракетибизге алар каршы чыгып митинг да кылышкан. Иштеп жаткандарды эскертип 65 адамдын тил катын да алганбыз. Ордуна башкасы келип иштей беришет экен да. Анан да бул жер биздин аймак болгону менен башка райондон, шаардан келип иштетип жатышат. Ал жер негизи көзөмөлүбүздө эле турат. Координациялык кеңешме өткөрүп жатабыз.

Шахталардагы коопсуздук жаатындагы маселесин текшерип, жөнгө сала турган Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын да колу-жолу байлануудай шарт жаралып калган. Атайын бекитилген эрежеге ылайык, көмүр шахталарын инспекция бир жылда бир жолу гана текшере алат. "Аны да алдын ала он күн мурда кабар айтып, биз баратабыз", - деген билдирүү жөнөтүп анан барабыз дейт мекеменин облустагы өкүлү Бердимурат Жалилов:

Бул окуя катталган Сүлүктүдөгү шахта уруксат алып эле иштеп жатыптыр. Бирок биздин кароодон ушул октябрь айында өтмөк. Алдын ала билдирүүнү жөнөткөнбүз. Жакынкы күндөрү текшерилмек. Анан биз ар бир шахтаны Экономика министрлиги менен макулдашып, бир жылда бир жолу гана коопсуздугун текшере алабыз да. Андан кийин кандай шарт менен иштешет, кийинки жылы гана кароодон өткөрөбүз.

Жергиликтүү бийлик менен тиешелүү кызматтар канчалык аракет кылбасын киши өмүрүн алган мыйзамсыз көмүр казуу иши токтобой келет. Өз өмүрүн тобокелге салып жер астына түшүп жаткандар болсо жумушсуздуктан, нан табуунун айласынан улам ушул жумушка барып жатканын айтышат. Акыркы жылдары көмүр шахталарында коопсуздук чарасы сакталбагандан улам киши өмүрү кыйылган учурлар токтобой келет.

Азаттык үналгысы