14.12.2019 / Кыргызстан

Шахтадагы өлүм: эки ача тыянак

Шахтадагы өлүм: эки ача тыянак

Лейлектик Арзыкул Жапаров тогуз ай мурда көмүр кенинде каза болгон инисинин өлүмүнүн чыныгы себеби жашырылып жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылды. Кендин жетекчилиги муну куру доомат деп атады.

Арызданган тарапта өлүмгө өндүрүштүк жараян себеп болгонун тастыктаган документтер бар, бирок Мамлекеттик экотехинспекциянын жергиликтүү башкармалыгы андан кабарсыз.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Коргон айылынын тургуну Арзыкул Жапаров бир тууган иниси, 29 жаштагы Нооруз Жапаров 2019-жылдын 30-мартында шахтада көмүр газына ууланып каза болгонун айтууда. Маркум эки жарым жылдан бери Сүлүктү шаарында «Т.Марипов» жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасында иштечү.

- Район аралык соттук-медициналык экспертизанын бир айдан кийин берген бүтүмүндө иним жүрөк оорусунан өлгөнү жазылган, - деди Арзыкул Жапаров. - Бул тыянак Кызыл-Кыя шаардык химиялык-экспертизанын жыйынтыгынын негизинде жазылган. Бирок Ош шаардык химиялык экспертиза мекемесине тапшырылган канда маркум ууланганы белгиленген.

Ал иниси иске ууланып каза болгонун Бишкек шаарындагы соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнөн да тастыктатканын «Азаттыкка» айтып, бир таңгак документтерди көрсөттү:

- Инимдин жүрөгү оорубаганын бир эмес, бир канча жолу тастыктап берсек да, жергиликтүү экотехинспекциянын адистери аны өзгөртүүгө макул болбой жатышат.

Арзыкул Жапаров инисинин өлүмүнө байланыштуу иштин жыйынтыгын шахтанын жетекчилиги өз пайдасына чечкен деп шек санайт. Анын божомолу боюнча, шахтанын жетекчилиги райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмү жана Мамэкотехинспекциянын жергиликтүү башкармалыгы менен сүйлөшүп алган.

«Т.Марипов» ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Юнусов муну куру доомат катары сыпаттады:

- Нооруз Жапаровдун өлүмүнө байланыштуу Мамлекеттик экотехинспекция жетекчилигинин буйругу менен комиссия түзүлгөн. Комиссияда төрт киши иштеген. Алардын чечими ушундай болгон. Ал менин чечимим эмес да! Муну комиссиядан сураш керек.

Арзыкул Жапаровго комиссиянын корутундусу берилген. Андагы чечим соттук-медициналык экспертизанын тыянагына таянуу менен чыгарылганы белгиленген.

Мамэкотехинспекциянын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчиси Бердимурат Жалилов:

- Бул чечим туура эмес экенин бизге эч ким айтып келген жок, - деди. - Мага кайрылышсын. Дарегибиз: Баткен шаарынын Садыков көчөсүндөгү 50-үй.

Ноорузбектин артында үч баласы калды. Маркумдун агасы Сүлүктү шаарынын прокуроруна арыз жазган. Прокуратура арызды 2019-жылдын 24-сентябрында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, шаардык милицияга жиберген. Териштирүү жүрүп жатканын Баткен облустук прокуратурасы тастыктады.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13 жумушчу оор жараат алган.

2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапты жана үчөө оор жараат алды. 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болду.

Азаттык үналгысы