11.02.2022 / Кыргызстан

Карачалов: курулуш иштеринде эки тарап келишим түзүп алганы оң

Карачалов: курулуш иштеринде эки тарап келишим түзүп алганы оң
Курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы, Бизнес жана социалдык өнүктүрүү академиясынын ректорунун кеңешчиси Элдияр Карачалов куруучу менен кардардын укук, милдеттерине токтолду.

Куруучулар коркпой эле кардарлар менен келишим түзүп алганы дурус. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, курулуш тармагында көмүскө иш алып баруучулар 72 пайызды түзөт.

"Куруучулардын да бардык эле кызмат өкүлдөрүндөй милдет, укуктары бар. Тилекке каршы, биздин өлкөдө бул жаатта көмүскө иштегендер арбын, өзгөчө ремонт иштерин жасаган чакан компаниялар ишмердүүлүгүн эч кандай мыйзамдаштырбай эле жүрө беришет. Кардарлар менен да оозеки келишимдин негизинде иштешет. Бул кардарга да, куруучуга да кооптуу. Убагында буюртманы бүтүрөбү же акчамды өз учурунда береби деген чочулону жаратат. Ошондой эле кардарлар сарпталчу курулуш материалдары, иш бүтчү убакытты жана башка керектүү жагдайларды келишимге киргизсе болот. Ошол эле маалда куруучу да кардардын милдеттерин, өз убагында керектелүүчү жабдыктар, материалдар менен камсыздоо, аларды сатып алуу шарттарын камтып кете алат. Мындай документ сапаттуу, өз убагында бүткөн жумуш жана кечиктирилбей берилүүчү маянага кепилдик берет", — деди Карачалов.


Ал ошондой эле келишимди нотариус аркылуу мыйзамдаштырып коюу зарылдыгын кошумчалады.

Sputnik.kg