20.11.2021 / Кыргызстан

Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы

Абакта кордук көргөн аял кенемтенин суммасына нааразы

Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекеттик органдарды Майлуу-Суу шаарынын тургуну Роза Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Үч жыл убактылуу кармоочу жайларда отуруп, кордук көргөн аял буга чейин 10 млн. сом кенемте өндүрүп берүү өтүнүчү менен сотко кайрылган. Горбаева жана анын адвокаты сот чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдиришти. Кезинде Горбаеванын иши Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитетинде каралып, анда бул аял абакта дискриминацияга кабылган деп табылган.

"Сотко акча үчүн кайрылган эмесмин"

Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 51 жаштагы Роза Горбаева убактылуу кармоочу жайда (ИВС) үч жылдан ашык отурган. Бул аралыкта кордук көргөнү үчүн мамлекеттен 10 млн. сом компенсация төлөп берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап, 16-ноябрда аялдын арызын жарым-жартылай канааттандырды. Сот чечимине ылайык мамлекет Горбаевага 50 миң сом төлөп берүүгө тийиш.

"Ыйладым... Сот чечим чыгарганда ызама чыдабай ыйладым. Кыргызстанда акыйкаттык жок экен. Үч жарым жыл убактылуу кармоочу жайларда көргөн кордугум үчүн 50 миң сом төлөп берсин дейт. Мага 50 миңдин кереги жок. Мен 10 млн. сом компенсация талап кылгам. Арызды акча үчүн эмес, принцип үчүн жазгам. ИВСтерде аялдар үчүн эч кандай шарт жок".

Горбаеванын кенемте төлөө арызы менен сотко кайрылышына Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга карата дискриминацияны жоюу комитетинин кыргыз өкмөтүнө берген сунуштамасы негиз болгон.

Анда Роза Горбаевага келтирилген зыян үчүн компенсация төлөп берүү, абакта отурган аялдардын медициналык жардам алышын камсыз кылуу, аларга гигиеналык каражаттарды берүү, шарттарды жакшыртуу, соттолуучулардын өзүнө карата катаал мамилелер тууралуу арыздарын натыйжалуу иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоо, түрмөдөгү аялдарды атайын даярдыктан өткөн аял кызматкерлердин гана текшеришин камсыздоо боюнча сунуштар берилген.

Былтыр 1-декабрда аталган комитет кыргызстандык жаран Роза Горбаева абакта кодулоого кабылган деп тапкан. Горбаевага комитетке кайрылууга Жалал-Абаддагы "Акыйкаттык" укук коргоо уюмунун адвокаттары жардам берген.

Адвокаттардын бири Сардор Абдухалилов "Азаттык" компенсация төлөө боюнча иш каралып жатканда айыпталып жаткан мамлекеттик органдар арызга каршы чыкканын билдирди.

Сардор Абдухалилов.
Сардор Абдухалилов.

"Биздин процессуалдык оппоненттерибиз - Каржы министрлиги, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги. Үчөө тең арызга каршы чыгып, аны канааттандыруудан баш тартуу өтүнүчү менен сотко бир нече жолу кайрылды. Улуттар Уюмунун Горбаева тууралуу чечими "сунуштама мүнөзүндөгү гана күчкө ээ, аны аткарууга милдеттүү эмеспиз" деп айтып жатышты. Бирок сот 50 миң сом болсо да компенсация төлөөгө милдеттендирген чечим кабыл алды. Биздин оюбузча соттун чечими - БУУнун катынын негизинде ишке ашты".

Адвокат Сардор Абдухалилов сот чечимине макул эместигин билдирип, жогорку сот бутагына кайрылышарын белгиледи.

Роза Горбаева "адам өлтүрдү" деген шек менен 2013-жылы кармалган. Үч жылдан ашуун өлкөнүн түштүгүндөгү алты убактылуу кармоочу жайда жана Ош шаарындагы тергөө абагында отуруп чыккан.

2016-жылы 12 жылга эркинен ажыратылып, аялдар абагында жазасын өтөгөн. Абакта отурган кезде эки ирет президенттин ырайымына илинип, мөөнөтү кыскарган. 2018-жылы мунапыс менен эркиндикке чыккан.

"Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен, Баткендеги убактылуу кармоочу жайларда кармалып турдум. Шарт жок, аараткана камеранын ичинде. Тамакты да ошол жерде жейсиң. Майлуу-Суудагы кармоочу жайдагы душтун эшиги жок. Эркектер жаткан камерага тушташ турат. Аялдарды чечиндирип тинте турган аял кызматкер да жок. Бизди милиция кызматкерлери өздөрү каалагандай кыйнап, токмоктоп турчу".

Тергөө абагы жетишсиз

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат айыпталуучулардын убактылуу кармоочу жайларда жылдап кармалып турганына тиешеси жоктугун айтууда.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, шектүүлөр тергөө абактарына сот чечими менен гана кабыл алынат:

"Сот "тергөө абагында кармалсын" деген чечим чыгарса, биз кабыл алабыз. Убактылуу кармоочу жайларда узак мөөнөткө кармалгандарга тиешебиз жок".

Кыргызстанда жети гана тергөө абагы бар. Алар Бишкекте, Чүйдө, Ош шаарында, Жалал-Абад шаарында, Нарында, Караколдо. Булардын ичинен Бишкекте жана Жалал-Абаддагы тергөө абактарында аялдар кармалуучу камералар бар. Чүйдүн Вознесеновка айылындагы жашы жете электер кармалуучу тергөө абагына да айрым учурларда аялдар кармалат. Таласта тергөө абагы жок.

Акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөповдун айтуусунда, айрым шектүүлөр "тергөө абагына камалсын" деп чечим чыгарса да, убактылуу кармоочу жайларда жылдап, соттук териштирүү бүткөнчө жата беришет:

Альберт Көлөпов.
Альберт Көлөпов.

"Жалал-Абад облусунун аймагы өтө чоң. Бул жагы Чаткал, ары жагы Тогуз-Торого чейин созулат. Шектүүнү Жалал-Абаддагы тергөө абагына камап, бирок аны кайра Чаткалга же Тогуз-Торого сотко, тергөөгө ташуу мүмкүн эмес. Ошондуктан жылдап жатышат. Таласта да тергөө абагы жок. Бул көйгөйдү биз көп жылдан бери айтып келебиз. Анткени Кыргызстан эл аралык норманы кабыл алган. Ага ылайык "шектүү убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык кармалбайт" деп жазылган. Бирок бул эреже ишке ашпай жатат. Убактылуу кармоочу жайларда шарт жок, суук, кээ бир жерлерде душ эмес, даараткана жок, чака коюп коюшат. Төшөнчү-жууркан эмес, айрым кармоочу жайларда тапчан жок, жерде жатышат.

Кыргызстан жабык жайлардагы адам укуктарынын корголушу боюнча сегиз эл аралык документке кол коюп, мыйзамдарды кабыл алган. Алардын бири - шектүү убактылуу кармоочу жайда 48 сааттан ашык кармалбоого тийиш деген мыйзам.

Азаттык үналгысы

Темир тор артындагы зомбулук

Темир тор артындагы зомбулук


Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө изоляторунун имараты.

Абактагы аялдар ыдык көргөнүнө даттанды