26.02.2020 / Кыргызстан

Асанакуновдун иштен кетишин талап кылган үч аял ачкачылык жарыялады

Асанакуновдун иштен кетишин талап кылган үч аял ачкачылык жарыялады

Кесиптик кошуундар федерациясынынын имаратында ушул тапта үч аял ачкачылык жарыялап отурат. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Динара Ракымбаеванын айтымында, алар ачкачылыкты 24-февралда башташкан.

Аялдар федерациянын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун иштен кетишин талап кылышууда.

«Менин эжем менен жездем ушул кесиптик кошуунда көп жылдар бою иштешкен. Асанакунов алардын айлыгын бербей, мыйзамсыз иштен алып койду. Алар эки жылдан бери эмгек акысын ала албай жүрүшөт. Мен ошолорду жактап жүрөм. Асанакунов жумуштан кетмейинче, эжем менен жездемдин эмгек акысы төлөнмөйүнчө мен ачкачылык жарыялаганымды токтотпойм», - деди Ракымбаева.

Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакунов акцияга чыккандардын талаптарын негизсиз жана жүйөөсү жок деп "Азаттыкка" билдирди.

Бишкекте бүгүн, 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өттү.

Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген жана башка кинелерди коюшууда. Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы чыгып жатат.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына кесиптик кошуундардын 200дөй мүчөсү чыкканын билдиришти. (MiK)

Азаттык  үналгысы