02.11.2020 / Кыргызстан

«Бир дүйнө - Кыргызстан» фестивалы: экология, укук, теңдик

«Бир дүйнө - Кыргызстан» фестивалы: экология, укук, теңдик
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» XIV эл аралык фестивалында дүйнөнүн он чакты өлкөсүнөн экологиясы бузулган, таза суусуз оор аймактарды, аялдардын, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун чагылдырган 15 даректүү тасма көрсөтүлөт.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык XIV фестивалы быйыл "Адамдар жана каргаша-кырсыктар: тобокелдиктер каргашага айланбашы үчүн эмне кылуу керек?" деген темага арналган. Иш-чара 2-ноябрда ишин баштады.

Фестивалга ондон ашык өлкөдөн 15 чакты даректүү тасма катышып жатат. Алар экологиясы бузулган, таза суунун тамчысы алтындын баасына тете болгон оор аймактарды, аялдардын, балдардын укугун, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын аянычтуу тагдырларын сүрөттөйт.

Жыл сайын Бишкек шаарында уюштурулуп келе жаткан фестиваль быйыл 2-ноябрдан 9-декабрга чейин өтөт. Фестивалдын алкагында тасмаларды көрсөтүү 2-6-ноябрь күндөрү болот. Андан кийин анын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чаралар, вебинарлар эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин катышуусунда өтөт.

XIV эл аралык фестивалдын аткаруучу директору, Кыргызстандын Кинематографисттер бирикмесинин мүчөсү Райхан Абдрайимова тасмаларды тандоо оңой болбогонун белгиледи:

«Фестивалда он чакты өлкөдөн топтолгон 15тен ашуун даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул жылы бизде негизинен кен байлык казабыз деп экологиясы бузулган, таза суунун тамчысы алтындын баасына тете болгон оор аймактар, түгөнүп бара жаткан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын абалы, аялдардын укугу, балдардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын аянычтуу тагдырлары чагылдырылган даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Тасмаларды тандоо кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Тасмалар 2-ноябрдан 6-ноябрга чейин «TV1.kg» телеканалы аркылуу көрсөтүлөт».

"Бир дүйнө - Кыргызстан 2020" фестивалынын ачылышы "Баары өзүбүздөн көз каранды" тасмасын көрсөтүү менен коштолот
  "Бир дүйнө - Кыргызстан 2020" фестивалынын ачылышы "Баары өзүбүздөн көз каранды" тасмасын көрсөтүү менен коштолот

«Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн форматта өтөт. Иш-чаранын ачылышы 2-ноябрь күнү, саат 19:00дө «TV1kg» телеканалында болот. Фестивалдын уюштуруу тобунун мүчөсү Лира Асылбектин айтуусунда, салтанаттуу аземди төкмө акындар ыр менен ачат:

«Фестивалды ачуу аземинде мурунку жылдардагы фестивалдардын урунттуу учурларынан видео көрсөтүлөт. Андан кийин спикерлер – иш-чаранын уюштуруучулары - «Бир дүйнө-Кыргызстан» укуктук кыймылы», Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин, WLP (Women Learning Partnership), FIDH (International Federation for Human Rights), CSPn (The Civic Solidarity Platform), GNDR (The Global Network of Civil Society Organisations for Disaster Reduction) шериктештиги тармактарынын өкүлдөрү сүйлөшөт. Алардын баары онлайн форматта, интернет аркылуу байланышат».

Фестивалдын ачылышы «Баары өзүбүздөн көз каранды» деп аталган 20 мүнөттүк даректүү тасманы көрсөтүү менен коштолот. Тасманы АКШдан Деб Бержерон жана Ким Коннел тарткан.

Тасмада быйылкы коронавирус пандемиясында бийлик жаңы каатчылыктарга жооп кайтарууга алсыз экендигин жана иш жүзүндө бул каатчылыктарды дагы тереңдете тургандыгын көрсөткөнү баяндалган.

WLP «Баары өзүбүздөн көз каранды» даректүү тасмасында чыр-чатактарды, климаттын өзгөрүшүн, экономикалык теңсиздикти, басмырланган үй-бүлөлүк мыйзамдарды жана гендердик теңсиздикти камтуу менен адамдын коопсуздугуна байланыштуу коркунучтарды изилдейт жана адам укуктары менен чечимдерди адилет кабыл алууга негизделген чечимдерди сунуш кылат.

Жети дубандан келген эксперттер сүйлөйт

Мындан сырткары фестивалдын алкагында жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен бирге каргаша-кырсыктардын алдын алуу боюнча талкуулар жана чеберканалар уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучусу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» буларды айтты:

Төлөкан Исмаилова.
  Төлөкан Исмаилова.

«Оор тобокелчилик шартында жашаган адамдардын жашоо-турмушун жакшыртуу, алардын буга аракеттенүү жөндөмүн өнүктүрүү да кырсык-каргаша коркунучтарын азайтууга кирет. Бизге Кыргызстандын өзүндөгү эле экологиясы начар, уран калдыктарынын арасында жашаган элдин жашоосу тууралуу тасмалар түшкөн. «Бир дүйнө – Кыргызстан» фестивалынын алкагында бул тасмалар да көрсөтүлөт. Мындан тышкары фестивалдын алкагында бул көйгөйлөр боюнча тегерек үстөл талкуулар өтөт. Биздин сурамжылоолор көрсөткөндөй, аймактагы эл үчүн башкы маселе – жумушсуздук, 36% элдин иши жок. Экинчи орунда абанын булганышы (уран радиациясы) турат. Кыргызстанда уран калдыктары көмүлгөн 92 аймак бар, алардын ичинен Майлуу-Суу шаарындагы уран калдыгы көмүлгөн жер дүйнө жүзүндөгү эң кооптуу деп саналган 10 аймактын ичинде. Мындан тышкары жабык мекемелердеги адамдардын укугу, алардын дарылануу укугу, эски шахталардагы оор акыбал, мына ушулардын баары быйылкы «Бир дүйнө-Кыргызстан» фестивалыбызда камтылган».

Төлөкан Исмаилованын айтуусунда, быйылкы фестивалдын артыкчылыгы – анда экологиясы начар, уран калдыктары көмүлгөн, ичүүчү суу жок, эски шахталарды чукулап күн көргөн элдин өкүлдөрү өздөрү тарткан тасмалар катышат.

Өкмөткө, бийликке сунуштар берилет

Фестивалдын уюштуруу тобунун мүчөсү Лира Асылбектин айтуусунда, фестивалдын алкагындагы пикир алышуулардын натыйжасында өкмөткө сунуштар берилет:

«Кыргызстан БУУнун башка мүчөлөрү менен катар Туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн 17 максаты боюнча иш алып барат. «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» фестивалы мунун ичинен сегиз максатка арналган. Анын ичинде саламаттык жана бейпилчилик, сапаттуу билим берүү, гендердик теңчилик, таза суу жана санитария, татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш жана башка максаттар бар. Мына ушул маселелер боюнча Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышы, көйгөйлөр жана маселелер жети дубандан келген эксперттер менен чогуу талкууланат. Фестивалдын алкагында ар бир семинар менен талкуудан кийин эксперттер менен кошо мамлекетке сунуштарды беребиз. Мисалы, 2018-жылы фестивалда «Мугалим» аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөндөн кийин өкмөт ага көңүл буруп, «Эл агартуунун отличниги» деген наам алган. Ал эми мектептен алыс жашаган балдарды жана окуучуларды ташуу үчүн атайын автобус сатылып алынган».

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келатат.

Фестиваль - адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн жарандык платформа. 13 жыл аралыгында 500гө чукул даректүү тасма көрсөтүлгөн.

Азаттык үналгысы