05.08.2020 / Кыргызстан

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык күчөйт

Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда жакырчылык күчөйт

Дүйнөлүк банк COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда быйыл жардылар жарым миллион адамга көбөйөрүн билдирди.

Жакырлардын саны өлкөдө расмий түрдө миллиондон ашчу жана жылдан жылга азайып жаткан. Чек аралар жабылып, ишканалар карантинге кабылгандыктан бул жылы экономика да кыйын күнгө туш болууда.

Эл аралык институттун божомолу

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы калктын жашоо деңгээлине Бишкекке акча берип жаткан себебин түшүндүрүп жатып кайрылды.

Мекеме өз талдоосуна таянуу менен тейлөө кызматынан, мигранттар которгон акчадан жана жаратылыш ресурстарынан көз каранды кыргыз экономикасына COVID-19 пандемиясы өтө оор сокку урарын эскертти.

Банктын билдирүүсүндө «коронавирус өнүгүү жаатында акыркы жылдары жетишилген аракеттерди жоюп салат» деп айтылат. Ошол себептүү банк үч долбоор үчүн жалпы көлөмү 121 млн. долларды (50 млн. доллар - «Майда, кичи жана орто ишканаларга чукул колдоо», 50 млн. доллар - «Өзгөчө кырдаалда аракеттер планына жана социалдык коргоого берүү системасы», 21 млн. доллар - «CASA-1000 жергиликтүү коомчулугун (COVID-19 шартында) колдоо») Кыргызстанга берерин маалымдады.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Болормаа Амгаабазардын сөзү мекеменин сайтында мындайча келтирилди:

Болормаа Амгаабазар
Болормаа Амгаабазар

«Баштапкы талдоо көрсөткөндөй, экономикалык күтүүсүз абалдын (экономический шок) масштабы республикада жакырлар 600 миң адамга көбөйтүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын өкмөтү кризис менен күрөшүү боюнча чараларды көрдү, бирок кошумча колдоо зарыл болуп турат. Жаңы үч долбоор COVID-19 пандемиясынын кыйратуучу кесепеттерин жумшартыш үчүн жардамга келет жана ар кайсы топторду колдоону камсыз кылат».

Албетте, пандемияга байланыштуу Кыргызстандын экономикасы быйыл артка кетерин мурдараак бир катар уюмдар эскерткен. Муну өкмөт мойнуна алып, өлкөнүн ички дүң өнүмү 2020-жылы 6,8-7% кемий турганын кабарлаган. Беш айдын жыйынтыгында көрсөткүч 4,8% азайды жана жыл соңунда береги санга жетери түшүнүктүү болуп калды.

Социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн кыргыз бийлиги 2020-жылы чет жактан жалпысынан 742,9 млн. доллар алмак болгон. Ал коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы жана бюджетти колдоого жумшалары маалым.

Мындан сырткары быйыл өлкөдө өндүрүш менен экспорт-импорт азаяры, сырттан кирген акча кемий турганы, жумушсуздук күч алары да мурунтан айтылган. Эл аралык уюм болсо бул жолу жакырчылыктын көбөйүшү жөнүндө конкреттүү божомолдорду келтирип жатат.

Экономист Сейдалы Мырзакматов бул болжолго негиз бар деп эсептейт.

Бишкек шаарындагы конуштардын бири.
  Бишкек шаарындагы конуштардын бири.

«Жакырлар Дүйнөлүк банк эскерткендей эле көбөйүшү толук ыктымал, - деди ал. - Анткени биздин экономиканын өзөгүн түзгөн «той индустриясы» токтоп калды. Биринчиден, миңдей ресторан болсо, алардын ар биринде 100дөн адам иштесе деле, 100 миңдей адам жумушсуз калды. Алар жакырланды десек болот. Экинчиден, ошол эле ресторандарда той болгон учурда жашылча, мөмө жемиш, жер-жемиш сатылчу, ал алынбай калып, өндүрүүчү дыйкандар кирешесинен кол жуушту. Бул элет жергесиндеги миңдеген адамдарды жакырлантты десек болот. Туризм болгон жок, ал да таасир этет. Мигранттар жылына эки миллиард доллардан ашык акчаны сырттан которушчу, быйыл ал да азайса, ошол акчага жан баккан тургундар да жакырлардын катарына кошулушу мүмкүн».

Коронавирус башталгандан бери бардык эле катмарда кыйынчылык болгону жашыруун эмес. Анын ичинде жакырлардын же кирешеси жоктордун катары калыңдап жатканы адис эмес кишилерге деле байкалып жатпайбы.

Марттан бери «Азаттыкка» да миңдеген адамдар телефон чалып, ачка калганын айтып даттанып жатышты. Карантин алынгандан кийин кайрылгандар саал азайганы менен, тамак-ашка жетпей жатканын айткандар дагы эле көп. Алардын бири, аты-жөнүн айткысы келбеген жалгыз бой эне балдарынын жеп-ичкенине тыйын калбай калганын билдирүүдө.

Кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн бири.
  Кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн бири.

«Мен балдар менен үйдөмүн. Батирде турам, аябай кыйналып кеттим. Тамак-аштан аябай жүдөп кеттик. Мурда косметиканы кыдырып сатып оокат кылчумун, азыр ал ишим болбой калды. Өзүмдүн эки балам бар, иним аялы менен ажырашып кеткен, анын эки баласы бар. Төртөөнү багып жаткам, иним Москвада иштей албай же акча сала албай же жардам кыла албай, бизди кыйынчылык басты. Балдарыбыз ачка калды», - деп кайрылган «Азаттыкка» Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу.

Жакырлар эки миллионго жетиши мүмкүн

Азырынча 2020-жылдын кап ортосунан эми гана өттү жана элдин турмуштук деңгээлинин быйылкы санагы эсептелип бүтө элек. Колубузда былтыркы гана көрсөткүч бар.

Улуттук статистика комитети бир ай мурда бул боюнча 2019-жылкы маалыматтарды жарыялаган. Мекеменин үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Ырыскан Калымбетова «Азаттыкка» андагы негизги жагдайлар менен бөлүштү:

Улуттук статистика комитети.
   Улуттук статистика комитети.

«2019-жылда жакырчылыктын деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1% түздү. Бул 2019-жылга карата 2,3 пайыздык пунктка аз. 2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 32 981 сомду, эң төмөнкүсү – 17 706 сомду түздү. Айыл жерлеринде жакырчылыктын деңгээли 0,5 пайыздык пунктка, ал эми шаар жерлеринде – 5,4 пайыздык пунктка төмөндөдү. 2019-жылы кедейчиликтин чегинде бир млн. 313 миң адам жашаган, алардын 73,8% калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган».

Эгер жакырчылыкта жашап жаткан ушул 1 млн. 313 миң адамга дагы 600 миң адамды кошсок, дээрлик 2 миллионго жакындап калчудай. Башкача айтканда, бул - Кыргызстандын калкынын үчтөн бири.

Жакырлардын саны элетте көп экенин эске алганда, эми көбөйсө да кайра айылдарга кошулчудай. Былтыр көбөйүү да, азаюу да аймактарда байкалган эле.

Баткен облусу. Иллюстрация.
  Баткен облусу. Иллюстрация.

«2019-жылы кедейчиликтин деңгээли Талас (8,8 пайыздык пунктка), Жалал-Абад (5,3 пайыздык пунктка), Нарын (2,5 пайыздык пунктка), Баткен (1,2 пайыздык пунктка) жана Ош (0,7 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (3,5 пайыздык пунктка) жана Ош (14,8 пайыздык пунктка) шаарларында мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөндүгү белгиленди», - деди Ырыскан Калымбетова.

2019-жылкы эсеп менен алганда Бишкек шаар калкынын 11,9%, Ош шаар калкынын 20,7% жакыр деп саналган. Облустардан Таласта 13,3%, Ошто 14%, Чүйдө 19,1%, Ысык-Көлдө 24,4%, Жалал-Абадда 26,9% калк кедей деп эсептелген. Эң көп катыш Нарынга (28,1%) жана Баткенге (32,6%) туура келген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Батма Имаралиева быйылкы жылы бул көрсөткүч азайып жатканын билдирди:

Баткен облустук администрациясы.
   Баткен облустук администрациясы.

«Тилекке каршы, Баткен облусунда жакырчылыктын деңгээли жогору болуп турат. Бирок 2020-жылдын алты айы ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн деңгээли 21,7% түздү. Башкача айтканда 25 812 үй-бүлө. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азайды дегенди түшүндүрөт. 2020-жылы пандемиянын алкагында жакыр үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатында облустук штаб түзүлүп, ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча райондук администрацияларга тапшырмалар берилген. Келген гуманитардык жардамды биринчи кезекте жакыр үй-бүлөлөргө берип жаттык. Антикризистик программанын алкагында ишкерлер жана ишканалар менен келишим түзүп, бош орундарга ушул жакыр катмардагы тургундарды ишке алуу боюнча макулдашууга жетишкенбиз. Ал боюнча да иштер жүрүп жатат».

«Жакырчылык дагы улана берет»

Дүйнөлүк банктын жакырчылык тууралуу билдирүүсү жана аны азайтуу боюнча өкмөттүн аракети тууралуу министрлер кабинетинен маалымат ала элекпиз. Өкмөттүн басма сөз кызматы темага социалдык блок боюнча вице-премьер-министр Аида Исмаилова жооп берерин билдирген. Бирок материал эфирге берилгенге чейин андан комментарий ала алган жокпуз.

Ошол себептүү экономист Сейдалы Мырзакматовду кайра кепке тарттык. Ал быйылкы бюджеттеги 30 млрд. сомдук тартыштыкты эсепке алуу менен кыргыз өкмөтү жакыр катмарга түздөн-түз жөлөкпул бере албай турганын белгилейт. Бирок адис өкмөт айлык-маяналарды жетиштүү төлөп жылдан чыгышы керек экенин айтты:

«Мисалы, АКШ үч трлн. доллар акча салды, экономикага. Жарандарга 1200 доллардан көмөк көрсөттү, андан кийин дагы берди. Элге жөн эле таратты. Эмне үчүн? Эл андан байып кетсин деген жок, эл бири-бири менен соода кылып, керектөө көбөйсүн деп жатат. Ал эми керектөө - бул экономиканын кыймылдаткычы. Адамдар алып турса, ишканалардын өндүрүшү токтобойт. Ошол себептүү кыргыз өкмөтү да баары бир акчанын массасын көбөйтүш үчүн кандай жол менен болбосун сырттан акча алууга мажбур болот. Ооба, аны элдин колуна гумжардам катары же жакырларга кошумча жөлөкпул катары түздөн-түз бере албайт. Ал каражатты өкмөт бюджеттин дефицитин жаап, маяналарга, корголгон пенсия-жөлөкпулдарга берет. Натыйжада сырттан келген акча баары бир айланып келип элдин колуна тийет, эртеби-кечпи. Болгону ошол акчаны аткаминерлер жеп албай, канчалык толук бюджетке жумшайт? Маселе ошондо».

Демек, жалпы жонунан быйыл кырдаал оор болорун, анын ичинде жакырчылык күчөй турганын аңдап алгандай болдук. Андан да кабатыр кылгандагысы - ал канча убакытка чейин созулушу мүмкүн? Андан качан чыгабыз?

Бир катар саясий жана коомдук ишмерлер азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда шайланган өкмөттөр иштеп турса жагдай бир нече жыл бою ушул акыбалда кала берет деп баа беришүүдө.

Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков аз күн мурдараак так ушундай мүнөздөгү билдирүү тараткан эле.

Равшан Жээнбеков.
   Равшан Жээнбеков.

«2020-жылдагы шайлоо президент жана жалпы эле бийлик үчүн маанилүү. Ушул күздө Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына үч жыл толот. Ал шайлоо алдындагы эч кайсы убадасын аткарган жок жана аткарууга да үлгүрбөйт. Жакырчылык, жумушсуздук, бизнес үчүн, ооруканалар менен мектептердеги шарттын жоктугу, соттордогу мыйзамсыздык – ушунун баары Кыргызстанды анын президенттик мөөнөтү аяктагыча коштоп жүрөт», - деп билдирген Равшан Жээнбеков коомчулукка кайрылуусунда.

Кыргызстанда жакырлардын саны 2004-жылы эки млн. 337 миң адам деп саналган. 2015-жылга келип бул көрсөткүч бир млн. 931 миңге түшкөн. Андан бери дагы азайып отуруп, 2017-2018-жылдары бир жарым миллионду түзгөн. Өлкөнүн экономикасы быйыл оорлосо бул көрсөткүч келерки жылдары кайра көтөрүлүшү мүмкүн.

Азаттык үналгысы