29.10.2021 / Кыргызстан

IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

IRI: Кыргызстандыктар эң негизги көйгөй катары баалардын өсүшүн атады

Кыргызстандыктарды эң олуттуу көйгөй катары жашоо деңгээли, баалардын өсүшү ойлондурат. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институту (IRI) 11-26-сентябрь күндөрү жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Сурамжылоого катышкандардын 61% жашоо деңгээли жана баалардын өсүшүн эң башкы көйгөй катары атаган. Аталган институттун 21-февралдан 5-мартка чейин жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (59%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. Бул жолу жумушсуздук көйгөйү экинчи орунга (51%) түшкөн.

Кыргызстандыктар андан кийинки негизги көйгөй катары коррупция, миграция, билим берүү, коронавирус, экономика-жакырчылык, социалдык кызматтар, жөлөк пул-пенсиялар жана саламаттык сактоону аташкан. Сурамжылоого катышкандардын 1% көйгөй жок деп жооп берген.

Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдары ж.б товарларга болгон баа кескин өстү. Октябрь айында күндүн кескин сууп кетиши көмүр тартыштыгын жаратып, анын баасы да өскөнү байкалды. (МТа)


Азаттык үналгысы


ДАГЫ КАРАҢЫЗ

“Суук контейнерде кыштайбыз": Селден кийинки көйгөй

Казак-кытай чегиндеги Пенжимде калайман мушташ чыкты

Мирзиёевдин дымагы, Борбор Азиянын эртеңи

Жаңылыктар | 28.10.2021 | Бишкектеги суицид, ӨКМге доомат