18.12.2019 / Кыргызстан

Кыргызстан: Тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жол азчылыктардын укуктарын урматтоо аркылуу камсыз кылынат деп эсептейт БУУнун эксперти

Кыргызстан: Тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жол азчылыктардын укуктарын урматтоо аркылуу камсыз кылынат деп эсептейт БУУнун эксперти

БИШКЕК / ЖЕНЕВА (2019-жылдын 17-декабры) – Кыргызстан тынчтык жана гүлдөп-өсүүнү камсыз кылууну кааласа, кээ бир жетишкендиктерге  токтолбостон, азчылыктардын адам укуктарын камсыз кылуу, өзүнүн демократиялык институттарын чыңдоо жана инклюзивдүү коомду түзүү боюнча андан аркы чараларга муктаж, - деди өлкөгө иш сапарынан кийин азчылыктардын адам укуктары боюнча БУУнун эксперти.

Атайын баяндамачы Фернан де Варен Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык түзүмдөрү менен уланып жаткан өз ара аракеттенүүсүн жана адам укуктары боюнча жаңы иш-аракеттер планын кабыл алуусун кубаттап, бирок адам укуктарынын жаатындагы ар тараптуу мыйзамдарды, жана өзгөчө басмырлоого каршы жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга  өтүндү.

Ошондой эле ал негизинен азчылыктарды, айрыкча, азчылык аялдарын жана балдарын козгогон жарансыздыкты жоюудагы өлкөнүн олуттуу кадамын белгиледи.

“Быйылкы жылы Кыргызстан жарансыздыкты жойгон дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды”, - деди ал өз иш сапарынан кийин алдын ала билдирүүсүн берүүдө.

“Мен  Өкмөттүн катталбаган адамдарды, өзгөчө мугат азчылыгы сыяктуу аялуу топторунун ичинен аныктоо максатында  жарандык коом менен бирдикте жамааттар арасында маалымдоо боюнча иш-чараларды колдогон күч-аракеттерин жогору баалайм”.

“Ошентсе да, азчылыктардын саясий өкүлчүлүгү жана коомдук турмушка катышуусу, өлкөнүн мамлекеттик кызматында, анын ичинде милицияда жана сот органдарында ишке орношууга жеткиликтүүлүгү, сот адилеттигин жүргүзүү жана билим алуу мүмкүндүгү, айрыкча азчылык тилдеринде билим алуу сыяктуу  кээ бир чөйрөлөрдө азчылыктарга карата басмырлоо сакталууда”.

Атайын баяндамачы өзгөчө өзбек азчылыгына басым жасап, азчылык тилдеринде окуткан мектептердин саны кыскаргандыгын белгиледи. Ал, ошондой эле, азчылыктардын олуттуу саны жайгашкан аймактарда   мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө жалаң гана мамлекеттик кыргыз жана расмий орус тилдерин пайдаланууну караган мамлекеттик саясаты боюнча тынчсыздангандыгын билдирди.

Атайын баяндамачы жаңсоо тилин колдонуучулары өз тилинде билим алууга жана мамлекеттик кызматтарга натыйжалуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө толук жете алышын камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды көрүү зарыл экендигин кошумчалады.

“Мени өлкөнүн түрдүү аймактарында диний жана башка азчылыктар дуушар болгон басмырлоо, куугунтуктоо жана коркутуу тууралуу билдирүүлөр кооптондурат. Диний азчылыктар өз диний ишенимдерин  эркин билдирүү жана тутуу укугун ишке ашырууда, ошондой эле өз уюмдарын түзүү жана расмий каттоо боюнча аракеттерде мындай көрүнүштөр болушу мүмкүн”, - деди ал.

Фернанд де Вареннес азчылыктардын абалын көзөмөлдөгөн жана чагылдырган укук коргоочуларга жана журналисттерге карата кастык мамиле, ошондой эле алардын ишине бөгөт коюу жана ишин криминалдаштыруу максатында жек көрүүгө жана экстремизмге шыкактоо сыяктуу укуктук жоболорун пайдалануу тууралуу билдирүүлөр аны тынчсыздандырганын билдирди.

“Мен Кыргызстандын Өкмөтүнөн жарандык коом уюмдары, укук коргоочулар жана журналисттер, алардын ичинде этностук азчылыктардын укуктары үстүндө иштегендер өзүнүн маанилүү жана мыйзамдуу ишин натыйжалуу жана репрессиялардан коркпой аткара алышы үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жана аларды коргоо үчүн чечкиндүү чараларды кабыл алууну талап кылам”, - деди ал.

“Чыр-чатактардын алдын алуу жана этностор аралык чыңалууну жеңилдетүү жаатында Кыргызстандын Өкмөтү жамааттардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү жана өлкөдө этностор аралык чыңалуунун алдын алууда жана жеңилдетүүдө алардын катышуусун маанилүү деп таанышын кемитпеймин, бирок ошол эле учурда 2010-жылдагы жаңжалдын жаракатын дарылоо калыбына келтирүүчү сот адилеттиги процесси аркылуу, жана коом орчундуу адамдык жоготуулардан жана кыйроолордон кийин калыбына келиши үчүн институционалдык колдоо көрсөтүүнү жана координациялоону чыңдоо планында көбүрөөк иштөө керек.  Бардык курмандыктар жана алардын туугандары укуктук коргоонун жана зыяндын ордун толтуруунун натыйжалуу каражаттарына жетүүсү зарыл”.

Атайын баяндамачы ошондой эле жарандык концепциясы бардык кыргызстандыктардын улуттук жарандыгына эмес, кыргыздардын этностук таандыктыгына багытталган  жаңы программалык документти чагылдыра тургандыгына тынчсыздангандыгын билдирди.

12 күндүк миссия убагында Фернан  де Варенн  Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жогорку даражалуу кызмат адамдары,  жарандык коомдун жана дүлөйлөр коому сыяктуу азчылык жамааттарынын мүчөлөрү менен жолукту.

Атайын баяндамачы 2021-жылы Женевадагы Адам укуктары боюнча БУУнун Кеңешине өзүнүн иш сапары тууралуу баарын камтыган баяндамасын берет.   

_____________________________________________________________________________________________________________________

Фернан  де Варенн  мырза 2017-жылдын июнь айында Адам укуктары боюнча кеңеш тарабынан азчылык маселелери боюнча БУУнун Атайын баяндамачысы болуп дайындалган. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан ага Улуттук же этностук, диний жана тилдик азчылыктарга таандык адамдардын укуктары жөнүндө декларацияны жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү тапшырылды.

Атайын баяндамачылар Адам укуктары боюнча кеңештин Атайын процедураларынын бөлүгү болуп саналат. Атайын процедуралар (БУУнун Адам укуктарын коргоо системасындагы көз карандысыз эксперттердин ири органы) – бул фактыларды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн Кеңештин көз карандысыз механизмдеринин жалпы аталышы, алар конкреттүү өлкөлөрдөгү кырдаалды же дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндө тематикалык маселелерди изилдейт. Атайын процедуралардын эксперттери ыктыярдуу негизде иштешет; алар БУУнун кызматкерлери болушпайт жана эмгек акыны албайт. Алар өкмөттөргө жана уюмдарга көз каранды эмес жана жеке адам катары иштешет.

Улуттук же этностук, диний жана тилдик азчылыктарга таандык адамдардын укуктары жөнүндө декларация менен таанышуу

Кыргызстан боюнча АУЖКБнын барагы

Кошумча маалымат алуу үчүн жана ЖМКлардан суроолор менен төмөнкү адамдарга кайрылууңузду өтүнөбүз:

Юлия Воцлава (+996 312 388 249 / ivotslava@ohchr.org ) же  

Дамианос Серефидис (+41 79 752 04 81 / dserefidis@ohchr.org)

БУУнун башка көз карандысыз эксперттери тууралуу ЖМКлардан суроолор менен төмөнкү адамга кайрылууңузду өтүнөбүз:

Джереми Лоуренс (+41 22 917 9383 / jlaurence@ohchr.org )

Адам укуктары боюнча БУУнун көз карандысыз эксперттери жөнүндө жаңылыктарды Твиттерде @UN_SPExperts окуп туруңуз. 

Биз жашаган дүйнөгө кызыкдарсызбы? Анда бүгүн кимдир бирөөнүн укугун коргоого жардам бериңиз.

 #Standup4humanrights жана http://www.standup4humanrights.org сайтына кириңиз.