27.02.2020 / Кыргызстан

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014- жылдагы протокол ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы конвенциянын 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу грамотаны депозитарий болуп эсептелген Эл аралык эмгек уюмунун башкы директоруна депонирлөөгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Аталган протокол Женева (Швейцария) шаарында 2014-жылдын 11-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун Башкы конференциясынын 103-сессиясында кабыл алынган (2014-жылдагы протокол).

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы № 29 конвенция Женева шаарында, 1930-жылдын 28-июнунда Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) Башкы конференциясынын 14-сессиясында кабыл алынган, СССР тарабынан 1956-жылдын 4-июнунда ратификацияланган жана эмгек чөйрөсүндөгү ЭЭУнун негизги сегиз конвенциясынын бири болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 31-мартында Эл аралык эмгек уюмуна (ЭЭУ) мүчөлүккө киргенде мурда СССРде ратификацияланган ЭЭУнун конвенцияларына карата юридикалык иш улантуучулугун ырастаган.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында мажбурлап иштетүүгө тыюу салынган. Кыргызстан мажбурлап иштетүүнү болтурбоо тууралуу ченемдерди камтыган бир катар эл аралык актыларды ратификациялаган.

2014-жылдагы протоколдун негизги максаты мажбурлап иштетүүнү токтотуу, аны пайдаланууну болтурбоо жана токтотуу боюнча таасирдүү чараларды көрүү, анын курмандыктарын коргоо жана укуктук коргоонун талаптагыдай жана натыйжалуу каражаттарына жетүү, алар зыяндын ордун толтуруу жана мажбурлап иштетүүгө алып келген укук бузуучуларга карата санкциялар болуп эсептелет.

2014-жылдагы протоколду ратификациялагандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иш берүүчүлөрдүн конфедерациясынын, коомдук жана башка кызыкдар уюмдардын катышуусу менен аталган протоколду жүзөгө ашыруу максатында иш-аракеттер планын иштеп чыгат.

prezident.kg