07.05.2020 / Кыргызстан

Сел өкмөткө жаңы түйшүк жаратты

Сел өкмөткө жаңы түйшүк жаратты

Баткен облусунда болгон сел 55 млн. 276 миң сом чыгым алып келди. Ал эми Жалал-Абад облусунда жаратылыш кырсыгынын кесепети эсептелип бүтө элек.

Коронавирус илдети менен кошо үстөккө-босток келген кырсык Жогорку Кеңеште талкууланып, өкмөт маалымат берди.

Депутаттар табигый кырсыктардын алдын-алуу жана аны жоюу иштерине бюджеттен жетиштүү акча бөлүнбөгөнүн, селдин нугун буруу үчүн салынган дамбалар сапатсыз курулганын сынга алышты.

Селдин кесепети

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун 6-майда Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча, 2-3-май күндөрү Баткендин Лейлек районунун Исфана шаарында, Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула райондорунда жүргөн селдин чыгымы 55 млн. 276 миң сом деп эсептелди.

 Замирбек Аскаров/
  Замирбек Аскаров

«Исфана сайына секундасына 150 куб сел келип, 116 турак жайды каптаган. Анын ичинен 24 үйдүн ичине, 92синин короо-жайына суу кирген. Бир турак жайды сел агызып кеткен. Беш социалдык мекеме жабыр тартты. Алар: Исфанадагы «Алтын-Бешик» бала бакчасынын жертөлөсүнө суу толуп калган, дагы төрт бала бакчанын короосуна суу кирген. 12 компаниянын короосун суу каптаган. Алар: пескоблок, айнек терезелерди чыгарган ишканалар, дүкөн жана дөңгөлөк желимдөө жайлары. 32 гектар бак-даракты мөндүр күүп таштаган. 42 гектарга жакын эгин талааны сел каптап, беш бодо малды агызып кеткен».

Андан тышкары сайдын жээктериндеги таш менен бекемделген 430 метр тосмону, 61 чакырым автожолду сел жууп кетти. Бир көпүрө жараксыз болуп калды. Өкмөт Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Аксы жана Ноокен районунда жүргөн селдин чыгымдары эсептелип жатканын билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендеги Исфана сайы былтыр эле оңдолуп жээги бекемделгенин, бул иш убагында аткарылбаганда селдин кесепети мындан да оор болмок деп божомолдоп жатат. Айрым депутаттар өткөн жылы эле оңдолгон дамбанын бир саат туруштук бере албай сел агызып кеткенин сындашты.

Махабат Мавлянова.
    Махабат Мавлянова.

«Жаңы салынган тосмолор эмне себептен туруштук бере алган жок? Сел кандай күч менен келет ушунун баары эске алынып туруп долбоор иштелип чыгыш керек болчу. Бул жерде жасалган иш эле эмес келген чыгым боюнча да маселе бар. Муну күч органдары териштириши керек», - деди депутат Махабат Мавлянова.

Замирбек Аскаровдун сөзүнө караганда, Исфана сайынын эки четин бекемдөө боюнча 2019-жылы тендер өтүп жеке ишканалардын бири утуп алган. Учурда сел алып кеткен дамбаны ошол эле компаниянын өз эсебинен оңдотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кимдер жардам ала алат?

Сел жүргөн аймактардагы адамдарды дагы бир маселе түйшөлтүп турган чагы. Ал – жаратылыш кырсыгынан келген чыгымдын ордун толтуруу. Өкмөт сел каптаган үйлөрдөн, короолордон сууну сордуртуп, калыбына келтирүү иштерине жардам берерин, бирок мүлкү камсыздандырылбагандарга акчалай көмөк көрсөтө албай турганын айтты. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров мындай деди:

Акрам Мадумаров.
    Акрам Мадумаров.

«Мыйзам боюнча жарандардын мүлкү жаратылыш кырсыктарынан жабыр тартса мамлекет мүлкүн камсыздандыргандарга гана жардам берет. Лейлек районунда төрт үйдүн ичине суу кирген. Анын бирөө гана камсыздандырылган. Бул боюнча комиссия иштеп жатат».

Акыркы жүргөн сел Жогорку Кеңеште мүлктү камсыздандыруу маселесин да козгоду. Өкмөт берген маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1 млн. 175 миңге чукул турак жай жана батирлер бар. Анын ичинен 87 миңи, башкача айтканда 7,4 пайызы гана камсыздандырылган. 2017-жылдан тартып мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, табигый кырсыктардан жапа чеккендерге ссуда берүү токтотулган.

Жалал-Абад: сел мээнетти жууп кетти

ӨКМ: акча жетишсиз

Жыйында жаратылыш кырсыктарынын алдын-алуу, аны жоюу иштери үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде каражат жетишсиз экени да белгилүү болду.

Замирбек Аскаров чукул кырдаалдар үчүн жыл сайын 450 млн. сом бөлүнөрүн, ушул күнгө чейин анын 34 млн. сому которулганын айтты. Бирок бул каражат жетишсиз экенин билдирди. Жалпы жонунан быйыл министрликке өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 130 млн. сом аз акча бөлүнгөн.

Депутат Таабалды Тиллаев мына ушул маселени көтөрдү.

Таабалды Тиллаев.
   Таабалды Тиллаев.

«Акрам Камбаралиевич акча маселесин финансы министрине айтыңыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган акчаны бөлүп берсин. Булар бардык иш планын алып барышат экен. Ал киши болсо банкта отургандай эле ар бир объектини чиймелеп отурат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги депутаттарга кайрылышат. Биз «бул көпүрөнүн акчасын, тосмонун акчасын берип кой, жол сүрдүрүш керек» деп финансы министрине айтып жатабыз».

Чукул кырдаалдар учурунда пайдалануу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине бюджеттен жыл сайын 100 млн. сом бөлүнөт. Депутат Акылбек Жапаров ал акчаны министр өзүнүн буйругу менен эле колдонуп келегенин, азыр каражатты алуу татаалдашып кеткенин айтты.

Өткөн аптанын аягында жана ушул жуманын башында Жалал-Абад, Баткен облустарында сел журдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-7-8-май күндөрү да Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу нөшөр болуп, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.


Азаттык үналгысы