23.03.2022 / Кыргызстан

"Шереметьеводо" айрым мигранттардын иши токтоду

"Шереметьеводо" айрым мигранттардын иши токтоду

16-марттан тартып Москванын эң чоң аэропорту - “Шереметьеводо” кызматкерлердин 40% кыскартылганы кабарланды. Көп өтпөй жумушчулардын 20% гана иши убактылуу токтотулганы айтылды.

Дүйшөмбүдө орусиялык басылмалар “Шереметьево” аэропортунун башкы директору Михаил Василенко кызматкерлерди 40% чейин убактылуу кыскартуу жөнүндө буйрук чыгарганын маалымдашты. Бирок ал мөөнөт канчага созулары айтылган эмес. Кийинчерээк “Шереметьевонун” администрациясы убактылуу ишин токтоткондор 40% эмес, 20% экенин билдирди.

Алардын жумуш орду сакталып турганы, айлыгынын үчтөн экиси төлөнөрү айтылды.

Кыргызстандык мигранттардын жоон тобу дал ушул "Шереметьево" аба майданындагы ар кыл тейлөө кызматтарында, анын ичинде ресторан, кафелерде эмгектенет. Аэропорттогу чоң ресторандардын биринин ашпозчусу Таалайгүл аба каттамдарынын аздыгынан улам жумуш кыскарып, жетекчилик так маалымат бере электигин "Азаттыкка" билдирди:

"Өткөн аптада жумуш жоктугуна байланыштуу үйдө алты күн отурдум. Ресторан иштегени менен кардар жок болуп жатты. Негизинен бир кезметте төрт ашпозчу иштесек, эми бир эле кишини коюп калышты. Бир күн иштеп 4-5 күн эс алууга туура келүүдө. Азырынча ушундай режимде иштеп жатабыз. Жанымда иштегендер кошумча жумуш издей баштады. Жетекчилик деле так эч нерсе айта элек".

"Шереметьево" аэропортундагы жүргүнчүлөр.
"Шереметьево" аэропортундагы жүргүнчүлөр.

Тоокен Эркинов да "Шереметьеводо" ашпозчу болуп иштейт. Акыркы кырдаалга байланыштуу аны менен иштегендердин дээрлик көпчүлүгү жумушсуз калганын айтып берди:

"Каттамдар азайып, ресторанда кардарлар жок. Мурун күнүнө 13 ашпозчу иштечүбүз, азыр төртөөбүз иштеп атабыз. Калгандары үйүндө. Жетекчилик эч кандай чечкиндүү жооп бере албай атат, эмне болорун алар өздөрү деле билбейт. Ресторанда иштегендердин 75% жумушу жок калды. Анын ичинде жалаң ашпозчу эмес, жер тазалаган, идиш жууган эжелер, официанттар да бар. Айлыкты толук алабызбы деп сарсанаа болуп отурабыз. Азыр күнүмдүк жумуштарга чыгып аткан адамдарга да айлык жөндөп берилбей жатат. Жумуш жок болсо Кыргызстанга кетебиз", - деди ал.

Ушул эле аэропортто ички каттамдарды тейлеген терминалда сатуучу болуп иштеген Элмиранын жумушунда кыскартуу тууралуу сөз боло элек.

"Биздин дүкөн кадимкидей эле иштеп атат. Жумуш бар. Каттамдар азайгандыктан, кардарлар да азайды. Бирок жетекчиликтен кыскартуу жөнүндө сөз уга элекпиз".

Орусиянын эң чоң аэропорту - “Шереметьевонун" 2020-жылындагы отчетуна ылайык, ишканада 18 159 жумуш орду болгон. Анын 1780и административдик кызматкерлер болсо, 16 380и тейлөө тармагында иштейт.

24-февралда орус аскерлери Украинага басып киргенден тартып ондогон өлкө Орусия менен аба каттамын токтоткон, ал эми Европа Биримдиги орусиялык учактарга аба мейкиндигин жапкан болчу. Мындан улам “Шереметьево” аэропортунда жүргүнчүлөрдүн агымы жети эсе кыскарып, ушул тапта чет өлкөлөргө күнүнө эң көп дегенде 15 учак чыгууда.

Муну менен катар Орусияга бир катар өлкөлөр катаал каржылык санкцияларды да салды. Мындан улам айрым чет элдик компаниялар Орусиядагы ишин убактылуу токтотууга аргасыз болду.

АКШдагы Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар орус жергесиндеги ишмердигин чектеп же толук токтотту.

Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана атыр даярдоочу Estee Lauder Companies, белгилүү McDonald's, Starbucks, Coca-Cola, Zara, Pull&Bear, Massimo Dutti, Bershka, Marks & Spencer, Mango, H&M жана башкалар бар.

Серепчилер санкциялардын кесепети Орусияда жашап, эмгектенген мигранттарга дагы акырындап таасирин тийгизе баштаганын белгилешет.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2021-жылы чет өлкөдө иштеген мекендештер 2,7 миллиард доллардан ашык акча жөнөткөн. Которуулардын 97% Орусиядан болгон. Башка өлкөлөрдөн 12,5 миллион, АКШдан 43,2 миллион доллар которулган.

Калкынын саны 6,5 миллиондон ашкан Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.


Азаттык үналгысы

Лондон. Иллюстарция сүрөт.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ

Британия кыргызстандыктарды жумушка чакырды