Россияда мыйзамдуу түрдө ишке кантип орношууга болот? Чет өлкөлүк жарандардын эмгектенүүгө кандай укуктары бар? Миграциялык мыйзамдардын бузуучусу болбош үчүн эмне кылуу керек? Жумушка орношууда канткенде алдамчылардын курмандыгы болбош керек? Эгерде баары бир ушундай жагдайга кабылып, сиздин иш берүүчүңүз же “бригадириңиз” шылуун болуп калган учурда эмне кылуу керек? Кыйын жагдайга кабылганда ким жардам бере алат?
Көпчүлүк иш берүүчүлөр майыптуулугу бар – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген кызматкерлерди жумушка алууга даяр эмес, бул бир катар себептерден жана стереотиптерден улам келип чыгууда, бул жерде маанилүү маселелердин бири - алар үчүн мындай атайын кызматкерлерди ылайыкташтыруу, эмгек шарттарын түзүү зарылдыгы, менеджерлердин айтымында кошумча чыгымдарды жана күчаракеттерди билдирет. Ошондуктан, майыптуулугу бар адамдарды жумушка орноштуруу маселеси ар дайым актуалдуу болуп келген жана курч суроо бойдон калууда.
Бардык адамдар өзүнүн укугуна жана бардык нерсеге тең бирдей укук даражада жаралат. Мамлекетте жана коомдо бир дагы жарандын кайсы категорияда болбосун, укугу көңүл коштукта калбаш керек. Укукту жана тең укуктуулукту коргоодо, айлана чөйрөдөгү коомдор жеткиликтүү болушу керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун типтүү эрежелеринде айтылгандай, алардан дагы коом көп нерсени үмүт кылат
Коррупция – социалдык көрүнүш, ал көпчүлүк учурларда конкреттүү түрдөгү укук бузуулар менен байланыштуу болот, бул жемкордук же мамлекеттин жана жарандардын материалдык баалуулуктарын эле уурдоо эмес, ал мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбаган коомдогу экономикалык жана социалдык мамилелердин коррупциялык жүгүртүүдөгү эбегейсиз финансы жана материалдык ресурстардын бүтүндөй бир системасы.
Буулар бири биринен өз ара мамилелерди жөнгө салуунун белгилүү бир тармагында коомдук кооптуулуктун деңгээли жана бузууларды жасаганы үчүн жоопкерчиликтин катуулугунун деңгээли аркылуу өзгөчөлөнөт. Мамлекет – иш берүүчү – кызматкер системасындагы укуктук мамиледегилердин субъекттеринин ар бири өздөрүнүн укуктарды жана милдеттерди алып жүрүүчүлөр экендигин билүүсү керек. Башка субъекттин укуктарын бузуу же чектөө жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп берет.
Эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан зомбулук жана ыдык көрсөтүүлөргө дээрлик кайсы жерде болбосун туш келүү мүмкүн: жумуш ордунда жана тармакта, жумушка бараткан жолдо же тамактанып жатканда жана эс алуу учурунда, кийимдерди алмаштырып жатканда же дааратканада, корпоратив кечесинде..
Ушул окуу куралын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын 2020-жылдын 1-январындагы абалын негизге алып жана «Социалдыкэмгектик укуктар борбору» АКУнун «Эмгек укуктарын
кантип коргоо керек?» аттуу жарыялоолорунун материалдарынын негизинде Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын Жаштар кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Коомдук кеңешинин төрагасы Карачалов Элдияр Разылбекович даярдады.
“Өзүңдүн эмгектенүү боюнча укуктарыңды кантип коргоо керек?” окуу куралы Тилектештик борборунун колдоосу менен жарыяланды жана бекер таратылат.
Бишкек, 2020
«Эмгектик демилгелерди колдоо фонду» КФ
Өзүңдүн эмгектенүү боюнча укуктарыңды кантип коргоо керек?
Карачалов Э.Р.: «Эмгектик демилгелерди колдоо фонду» КФ, 2020.