11.08.2023 / Кыргызстан

Бишкекте троллейбус айдоочулары иш таштады. Кээ бири аялдамага токтобой жатат

Бишкекте троллейбус айдоочулары иш таштады. Кээ бири аялдамага токтобой жатат
Айдоочулар кечээ да нааразычылык акциясына чыгып, айлыгын көтөрүүнү талап кылышкан.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Борбор калаада троллейбус айдоочулары маянаны көбөйтүү талабы менен иш таштады. Маалыматты Бишкек троллейбус башкармалыгы Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

Троллейбус айдап иштегендер кечээ, 10-августта да, акцияга чыгып, эгер маянаны көтөрбөсө жумуштан кетишерин билдиришкен. Алар орто эсеп менен 22 миң сом маяна алат. Бул акча эч нерсеге жетпей жатканына нааразы болгон айдоочулар айлыгын 70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан. Кечээ Троллейбус башкармалыгы 50 миң сомго чейин жогорулатууга даярдыгын билдирген. Кээ бир айдоочулар бул дагы аз экенин айтып, иштен кетүүгө камынып калышкан.

Башкармалык августтан тарта маяна расмий түрдө 50 миң сом болорун, бирок салык жана Соцфондго чегерүүдөн кийин жумушчулардын колуна 40 миң тиерин кабарлады. Бирок айдоочулар макул болбой, бүгүн да акция уюштурган. Жарымы такыр эле каттамга чыкпай койсо, жарымы аялдамаларга токтобой бош эле айланып жүрөт.

Sputnik.kg